32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы магистр илимий даражасына ээ болду

Жалал-Абад-облусунун-мусулмандар-казысы-магистр-илимий-даражасына-ээ-болду

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология адистиги боюнча магистр илимий даражасына ээ болду. Облус казысы магистрдик диссертациялык ишинде «Кыргыз элинин каада салттары, байыркы ишенимдери» жөнүндө анализ жүргүзгөн.

Эске салсак, бул диплом Нематулла ажы Жээнбековдун бешинчи диплому. Ал 1988-1990-жылдары Бухара шаарында “Мир-Араб” атындагы медреседен сабак алып, 1990-1994-жылдары Бишкек шаарындагы “Азирети Умар” атындагы Ислам институтун аяктаган. Ал эми 1994-1998-жылдары Мекке шаарындагы “Уммул-Куро” Эл аралык университетин аяктаса, 2014-2019-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

Related posts

СИЗДА ЖУМАНЫ САГЫНДЫҢЫЗБЫ?

Кара-Суу районунда жаңы мечит ачылып, пайдаланууга тапшырылды

Британия: Мухаммед — балдарга көп коюлган ысым

Мелис Шерматов

Leave a Comment