ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абад облустук казыяты ишмебилик уюштурду

Бүгүн, 18-сентябрда Жалал-Абад областы боюнча ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана мэриянын кызматкерлери, казыятынын эмгек жамааты, жана башка бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.

«Тазалык — ыймандын жарымы» дегендей иш-чаранын жүрүшүндө бак-дарактар сырдалып, айлана-чөйрөдөгү таштандылардан тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. 

Ошондой эле бул ишембилик иш-чарасы Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятына караштуу район-шаарлардагы мечит-медреселерде да өткөрүлүп жатат.  

Back to top button