Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Динге келишиме, намаз окуп калышыма кадимки эле телефон себеп болду
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Атактуулар ааламы > Динге келишиме, намаз окуп калышыма кадимки эле телефон себеп болду
Атактуулар ааламыМакалалар

Динге келишиме, намаз окуп калышыма кадимки эле телефон себеп болду

admin
Жаңыланды: 2020/04/22 at 9:45 ТЧ
admin
Бөлүшүү
- Advertisement -

Менин динге келишиме, намаз окуп калышыма көп нерсе себеп болду. Ошолордун бири кадимки эле телефон. Кантип?

Адамга кудай акылды жөн берген эмес. Ар нерсеге акыл калчай билсин деп берген. Ошол жаман акылым менен кудайга намаз окубай деле ишенсе, сыйынса болот да деген ишенимде жүрдүм. 18 миң ай-ааламды жараткан кудай биздин сыйынуубузга зарыгып калыптырбы? Ойго келе калган эле жерден “Оо, кудурети күчтүү кудай!” десең, калганын Жараткан өзү билет да. Сенин тилиңдегини эмес, дилиңдегини да билет эмеспи кудай?

Чынында, ушул суроолордун түбүндө мандем бар. Эгерде уюлдук байланыш чыгып калган заманда жашабаганымда, балким, өмүр бою ушул түшүнүк менен жүрө бермекмин. Телефон жашоо каражатыбыздын негизги бөлүгү болуп калганда, ал тууралуу да көп ойлоно баштадым. Анан аны руханий байланыш болгон динге салыштырып көрдүм. Оюма сиздер да ортоктош болуңуздар.
1. Телефон адамдардын аралыктан байланышын камсыздайт. Дин деле руханий байланыш экенин аңдасак, экөөнүн кызматы окшош сыяктанат.
2. Телефон менен сүйлөшүүнүн өзүнүн эрежеси бар; а) Алгач, аны чөнтөгүндөн алып чыгышың керек. б) Коддон чыгаруу керек. в) Номурду терүү керек деген сыяктуу.
3. Эгерде телефондо ошончо эреже болсо, кудай менен байланышуунун кантип эрежеси болбосун? Демек, дин кудай менен болгон байланыштын эрежесин камсыздап турган экен да.
4. Эми, көп телефондун ичинен айфонду тандаш керек болду мага. Ошентип, Ислам динине келдим. Эмне үчүн Ислам?
5. Телефондун улам жаңы үлгүсүн алганга маашырланабыз. Анткени, анын мүмкүнчүлүктөрү көп. Менимче, Ислам да ошол телефондун акыркы үлгүсү сыяктуу. Кудай ага чейин байланыштын көп түрлөрүн чыгарды. Адамдын аң-сезимин, акыл-эсин өстүрүп, мүмкүнчүлүктөрдү таң калбай пайдалана турган учурда гана Ислам динин берди. “Бул телефондун акыркы үлгүсү. Мындан кийин чыкпайт!” – деп, адамзат байланыштын акыркы түрүн айта элек. Бирок кудай руханий өнүгүүнүн, байланыштын акыркы үлгүсүн чыгарды.
6. Исламга чейин эле өз ишенибиз болгон деген ойдо жүргөндөр да жок эмес. Ооба. Алардын айткандары да туура. Азыркы уюлдук байланышка чейин деле байланыш болгон. Бирок азыр баарыбыз уюлдук байланышка өттүк. Болгондо да анын эң мыкты, жаңы үлгүлөрүн көтөргөнгө аракет кылабыз. Анда эмне үчүн руханий өнүгүүдө ошентпейбиз. Азыр айылда кабарды телефондого Ватсап тайпалары аркылуу жеткирип калышты. Бабалардын салты деп, эмне үчүн ат менен кабар бербейбиз? Аны кой, азыр сенсору жок телефонду көтөргөн кишини кезиктирүү кыйын. Себеби түшүнүктүү эле. Эмне үчүн турмушубузда бардык өнүгүүнү пайдаланабыз да, руханий өнүгүүнү пайдаланбашыбыз керек? Балким, диний түшүнүктүн башаты кыргыздарда болушу да ыктымал. Бирок ал башка жактан өнүккөнүн да моюндашыбыз керек да. Телефонду алгач ким чыгарды деп деле ойлогон киши жок. Ал турмушубузга пайдасын алып келип атат. Керектеп атабыз. Болгону, ага кыргызча тамгаларды киргизип алдык. Динде ошондой кылганга ким тоскоолдук кылып атат?
7. Кудум уюлдук телефон сыяктуу, жайнамазың жаныңда болсо болду. Каалаган жерден намазыңды окуй бересиң. Дал ушунусу менен Ислам уюлдук телефон болуп калды. Бирок вайфайдын жанында болсоң интернеттин ылдамдыгы жакшы болуп, телефон жакшы тарткандай, мечитте жамаат менен окулган намаздын сообу көп.
8. Эми исламчылардын өзү тууралуу айталы. Уюлдук телефондун түрү чыккан сыяктуу, дин да тармактап кетти. Ар ким өзү көтөргөн телефонду мактагандай, ар кайсы агымдагылар өзүнүкүн туура деп эсептейт. Бир нерсени эстен чыгарбоо керек. ал – байланыш. Байланыш түзүлүп аткандан кийин, Айфон көтөргөндөр башка телефон көтөргөндөргө сынтакканы туура эмес. Тилекке каршы, дин өкүлдөрүндө ушул өксүк басыла элек. Мүмкүнчүлүгү канчалык экенин билбей туруп, аны бир да жолу пайдаланбай туруп, айфон алгыла деп кыйкырып жүргөндөр толтура.
9. Соңку ой улуттук каада жана “Манас” тууралуу. Бизге диндин ар кайсы агымдары киргендинин башында айттык. Ошонун ичинен, байыркы бабаларыбыз тутунган, улуттук каада-салтты жерибеген жолу керек бизге. Учурда өзүбүздүн уюлдку операторубуз жогунан улам, тыйыныбызды чет элдиктерге карматып атабыз. Исламда деле ошол сыяктуу көрүнүш. Кыргыз исламы али түзүлө электей. Аны түзүү биздин колдо экенин унутпайлы. Кыргыз Исламынын өзөгүн сөзсүз “Манас” түзүшү керек. Дин улутка бөлүнбөйт деп айкырык салбай, бул сөздү тереңден ойлонот деп ишенем.

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Ислам, ислам дини, Рысбай Исаков
admin 22.04.2020
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Германиядагы мечиттердин 3-майда ачылышы күтүлүүдө
Кийинки макала Баткенде атын атагысы келбеген бир туугандар 500 үй-бүлөгө жардам берди
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?