21.1 C
Bishkek
10.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

ДИМК директорунун орун басары Замир Кожомбердиев Баткендеги дин кызматкерлери менен жолугушуп, мечиттердин каттоо иши менен таанышты

ДИМК-директорунун-орун-басары-Замир-Кожомбердиев-Баткендеги-дин-кызматкерлери-менен-жолугушуп,-мечиттердин-каттоо-иши-менен-таанышты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Замир Кожомбердиев  иш сапары менен Баткен облусуна келип,  шаар жана райондун баш имам хатибдери  менен жолукту.  ДИМК директорунун орун басары мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүдөгү көйгөй жана тоскоолдуктар менен таанышып, дин кызматкерлеринин көйгөйлөрүн укту. Жыйынга КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Айтбек Абдиназаров катышып, эсептик каттоодон өткөрүүдө архитектурадан талап кылынуучу документтер жана жеңилдиктер боюнча  маалымат беришти.

 “Буга чейин баш имам-хатибдерге катуу тапшырмалар берилип, 2 жолу буйрук чыгарып, жумушунда кайдыгер караган кызматкерлерге расмий эскертмелер берилген. Мындан ары да баш имам-хатибдердин карамагындагы  имамдары менен тыгыз байланышып, ар бир мечит менен жеринде таанышып чыгабыз”,-деди Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

 Жыйын суроо-жооп түрүндө уланып,  катышуучулар архитектура  жана ДИМК кызматкерлеринен өздөрүнө керектүү маалыматтарды алышты. 

Related posts

«Жанбото Ата» мечитинин жамааты 3 баланы багып, чоңойтуп келе жаткан жалгыз бой айымга жарда берди

admin

How to get the best deals on hotels and flights

admin

How childhood viral infections may year 2021 Section

admin

1 comment

Residential Concrete Contractors Near Me 19.06.2025 at 10:26

Truly when someone doesn’t know after that its up
to other visitors that they will help, so here it takes place.

Reply

Leave a Comment