32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Владивосток шаарында жашап иштеген мекендештер Баткен элине жардам көрсөттү

Владивосток-шаарында-жашап-иштеген-мекендештер-Баткен-элине-жардам-көрсөттү

Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Орусиянын Владивосток шаарында жашап иштеген мекендештердин аманатын Баткен элине жеткирди.

Жардамдар Баткен окуясында үй-жайы күйүп тонолгондорго жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, элдин тынчтыгы үчүн кызмат өтөгөн чек-арачыларга берилди. Шейит болгондорго багышталып союш союлуп, Куран окулду.

Эл менен жолугушууда казы Немматулла ажы Жээнбеков элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн дуба кылды. Жергиликтүүлөр мекенден сыртта жүрсө да жүрөгү Кыргызстан деп соккон Владивосток шаарындагы уул-кыздарына ыраазычылык сөзүн айтып, ак баталарын беришти.

Related posts

Кара-Балта шаарындагы “Куран нуру” Ислам институн 19 каары аяктап, аларга дипломдор тапшырылды

admin

Исак ажы Юнусов: Пайдалуу илим берип, элдин батасын алуу- чоң жетишкендик

Эми Түркияда маркум болгон аскерледи такбир астында акыркы сапарга узатышакчы

admin

Leave a Comment