
Бүгүн, 16-февралда VII чакырылыштагы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 3-протоколук жыйыны өтүп, анда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын отчётун угуу, жылдык иш планды бекитүү, зекет, үшүр жана садака-фитирдин өлчөмдөрүн аныктоо, Борбордук Текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү жана башка бир катар маселелер талкууланды.
Аалымдар Кеңешинин курамы Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын, Азирети Муфтийдин жана БТКнын 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген жогорку баасын берди.
Мындан тышкары 2022-жылга карата КМДБнын иш планы бекитилип, анын үстүнөн иштөө боюнча Азирети Муфтийдин орун басарларына, бөлүм башчыларына бир катар тапшырмалар жүктөлдү.
2 комментарий
It’s hard to find knowledgeable people in this particular subject, however, you seem like you know what you’re talking
about! Thanks
Hi to every one, the contents existing at this web
page are really amazing for people knowledge, well, keep up the good
work fellows.