20.1 C
Bishkek
14.07.2025
ВидеоМедиаСуроо-ЖоопЭне жөнүндө

Бул бир адамды ургандык эмес, бул баарыбызга дөңгөлөк илип кордогондук, — Чубак ажы Сузактагы зомбулук жөнүндө

Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов «Марал» радиосунда аялга жасалган Сузактагы зомбулукту сындап, коомчулукту үй-бүлөдөгү зомбулукка маани берүүгө чакырды.

“Коом тирүү болушу керек. Мындай адамдарга маани берип, токтото турган болсок бардыгы ордуна келет. Бул бир адамды ургандык эмес, падышабыз баш болуп, акыркы кишиге чейин дөңгөлөк илип, ага ташты салып, үстүбүзгө арыктын кир суусун куйганга тете болду. Эгерде ушундай окуяга маани бербей атсак демек баарыбыз кордолуп отурабыз дегенди билдирет”, — деди Жалилов.

Эске сала кетсек, буга чейин Сузакта аялын байлап, мойнуна дөнгөлөк илип коюп сабаган зөөкүрдүн видеосу коомчулуктун катуу талкуусуна алынган. Үрөй учурган окуя боюнча Жалал –Абад ички иштер башкармалыгы видеонун «каарманын» кармалганын жана 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлаган.

Алгач бул окуя кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жоруктар кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен катталган. Кийинчерээк, коомдо чоң резонанстты жараткандыктан улам КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн.

Related posts

Кыргызстанда адал азыктары тууралуу маалыматтык кызматы ачылды + ВИДЕО

Адилет Сыдыков

Хадис илими Садака 4-сабак. Шейх Чубак ажы 07 05 2017

Адилет Сыдыков

Шайлоо — Курбан айт — Эгемендүүлүк / Жума баяны 25.08.2017 / Устаз Бактыяр ажы Шарапов

admin

1 comment

xxxtubebest.com/xptGP657K67lk 25.10.2024 at 13:56

hello!,I love ylur writing so a lot! proportioln we bee in contacxt
extra approoximately yoour artijcle on AOL? I newd an expert inn
this house to resolvge my problem. Mayybe that iis you!
Havig a look ahuead to see you.

Reply

Leave a Comment