15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты

Бишкек-шаарынын-казысы-Самидин-кары-Атабаев-Свердлов-районунун-акими-Максатбек-Саргазаков-менен-жолугушуп,-эки-тараптуу-кызматташууну-талкуулашты

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында иш алып барууну сүйлөшүштү.

Муну менен катар мындан ары эки тараптуу кызматташууну бекемдөө маселеси талкууланды.

«Жакшылыкка себепкер болуу, эл арасында тынчтыкты, ынтымактыкты, биримдикти орнотуу жана ысырапкорчулук менен күрөшүү ар бирибиздин  милдетибиз. Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Жакшылыкка себепкер болуу, аны аткарган сыяктуу»,- деп айткан.  Ошондуктан баарыбыз жакшы ишке себепкер болуп, ысырапкорчулукту жоюга аракет кылалы!», – деди шаар казысы.

Эки тараптуу жолугушуунун акырында шаар казысы Самидин кары Атабаев район жетекчисин кызмат орду менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Related posts

Балыкчы шаардык хатибияты демөөрчүлөрдүн көмөгү менен биргеликте муктаж 100 үй-бүлөгө 174 миң сомдук азык-түлүк таратты

Адилет Сыдыков

Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Суу районунун тургундарына мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча маалымат берди

Орозо жакындап келе жатат

admin

Leave a Comment