24.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Бишкек шаарында Орозо айт намазы окулду

Бишкек-шаарында-Орозо-айт-намазы-окулду

Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы башкы мечитти миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду.

Айт намазына эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15де айт намазы окулду.

Майрамды утурлай Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинини төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиевдин жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин “Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери” деген темада баяндамасын жасап, Кыргыз элин куттукташты.

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Орозо айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң Куран окулуп, маркумдарга жана  Баткен окуясында каза тапкан бир туугандарыбыздын арбактарына багышталды.

Ушундай эле айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Related posts

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев КМДБнын катчылык жана кадр бөлүмүнүн башчысы Абдугапар ажы Койчукуловдун атасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Эл аралык уюмдар Мьянманын мамлекет башчысын сынга алды

Адилет Сыдыков

Мьянмада мусулмандарга кыргын салынып жатат

admin

Leave a Comment