21.1 C
Bishkek
10.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

«Биринчи Кадам» медресе мекемесин 100 бүтүрүүчү аяктап, «Имам хатиб жана мугалим» кесибине ээ болушту

«Биринчи-Кадам»-медресе-мекемесин-100-бүтүрүүчү-аяктап,-«Имам-хатиб-жана-мугалим»-кесибине-ээ-болушту

Бүгүн, 23-июнда  «Биринчи Кадам» атындагы медресе мекемесинде бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу кечеге КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Шүкүр Шерматов, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адиси Орозали ажы Адранов, Бишкек шаарынын казыятынын окуу бөлүм башчысы Расулбек ажы Сарыев, медресе мүдүрү Муратбек Худайбердиев катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттукташты.

«Окуу жайыбызды аяктаган 100 бүтүрүүчү «Араб тили жана Шарият» адистиги боюнча «Имам хатиб жана мугалим» кесибине ээ болушту. Бүтүрүүчүлөрүбүз  алган билимдери менен өлкөнүн бардык аймактарында элибиз үчүн иштеп, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп, ак кызмат өтөйт деп ишенем»,-деди окуу жайдын мүдүрү Муратбек Худайбердиев.

Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери каалоо-тилектерин айтышып, медресе мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.

Related posts

Ош шаарында конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Wonderful locations you’ll want to visit in the Caribbean

admin

Алибек ажы Жусупов: «Илим караңгылыктын бардык түрүн чегиндире турган күч»

Leave a Comment