24.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Баткен облусунун казысынын тапшырмасы менен мечиттерде имамдардын кийими үчүн шкафтар орнотулууда

Баткен-облусунун-казысынын-тапшырмасы-менен-мечиттерде-имамдардын-кийими-үчүн-шкафтар-орнотулууда

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров элет жерлердеги имамдар менен жолугушуп, ар бир   мечитте шкаф орнотуп, анда чепкен жана селденин болуусун тапшырма кылган.

«Имам өзүнүн  ички дүйнөсүн тазалаган соң, кийимкечесине да көңүл буруусу керек. Имамды көргөн адамдар анын ыйманына, куранына, адебине ошонун катарында тазалыгына да суктанып туруш керек. Анткени имам элдин адамы, эл имамды эрчийт. Имамдар намаз учурунда демейдеги кийим менен эмес,  селде жана чепкен менен имамдык кылсаныздар. Анткени таза кийими бар туруп, кир же бырышып, эскилиги жеткен  кийим  менен имамдыка өтүү жакшы эмес»,-деди облус казысы.

Учурда Баткен облусундагы ар бир мечитте имамдардын кийими үчүн атайын шкафтар орнотулуп, анда имамдардын кийимдери илинүүдө.

Related posts

? ЖАРЫЯ!

Орусияда “Жахаба күбөлөрү” уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

Адилет Сыдыков

Ажы башчылыкка каттоо 25-апрелде башталат (Талаптар)

Leave a Comment