30.1 C
Bishkek
14.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Баткен казыятында «Келечек- ыймандуу, билимдүү жаштардын колунда» аттуу иш-чара өтүп, ага билим берүү кызматкерлери катышты

Баткен-казыятында-«Келечек-ыймандуу,-билимдүү-жаштардын-колунда»-аттуу-иш-чара-өтүп,-ага-билим-берүү-кызматкерлери-катышты

 Бүгүн, 10-декабрда Баткен облустук мусулмандарынын кызыятынын жыйындар залында «Келечек- ыймандуу, билимдүү жаштардын колунда» аттуу иш-чара өтүп, ага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Осмон Эркебаев жана мугалимдер катышты.

Иш-чара «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка ылайык уюштурулуп, анын алкагында кулк-мүнөздү тарбиялоо, адеп-ахлак, аманат, убакытты туура пайдалануу, мугалимдин кесиптик чеберчилиги темалары боюнча баяндамалар жасалды. Муну менен катар кызматташуу жаатында пикир алышуу болуп, облустук казыят жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү менен кызматташууга даярдыктарын билдиришти.

Related posts

Сузак райондук хатибияты карылар үйүнө 33 миң сомдук азык-түлүк, кийим-кече жана 10 миң сом акчалай жардам тапшырды

Аллахтын кереметтү ысым -сыпаттары (2)

Инсандарга жакшылык кыл …

Leave a Comment