15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Баткендин Жаңырык айылынан 1,5 тонна үшүр жыйналып, «Муаз ибни Жабал» медресесине тапшырылды

Баткендин-Жаңырык-айылынан-1,5-тонна-үшүр-жыйналып,-«Муаз-ибни-Жабал»-медресесине-тапшырылды

Бүгүн, 27-декабрда Баткен облусунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу  Жаңырык айылынан  1,5 тонна үшүр жыйналып, «Муаз ибни Жабал» медресесине тапшырылды.

«Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен учурда ар бир имам өздөрүнүн  айыл аймактарынан үшүр жыйнап,  диний окуу жайларга, муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары тапшырышууда»,-деди Жаңырык айылынан имамы Акжол Ахунов.

Ал эми «Муаз ибни Жабал» медресесинин мүдүрү Султанмурат ажы Исираев диний окуу жайларга берилген жардамга ыраазычылыгын билдирип, үшүрүн берген жарандарга Алла Тааладан жакшылыктарды тиледи.

 «Алма-677 кг, картөшкө-635 кг, пияз-150 кг, сабиз-43 кг, ашкабак-2 шт жана башкалар келди. Бул окуу жайыбыз үчүн чоң жардам»,-деди Султанмурат ажы Исираев.

Related posts

Чочко бакканга кой алып бер

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев САПтын “Аlburaq united est” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору шейх Заки Комил Абу-Нажи менен жолугушту

Орозо айт 5-июлга белгиленип, бул күн дем алыш күнү деп жарыяланды

Leave a Comment