
Кечээ, 20-майда Баткен облусунун Баткен районунун Чек мектеп окуучуларын адеп-ахлакка, билим алууга чакырган тарбиялык саат жана китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
Иш-чара Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресесинин мүдүрү Султанмурат ажы Исираевдин демилгеси менен уюштурулуп, «Адеп адамдын көркү» китеп окуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, демөөрчүлөр тарабынан катышуучуларга ноутбук жана башка баалуу белектер тапшырылды.
Иш-чарага Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошев окуучулардын ата-энелери жана мугалимдер катышты.
Коноктор өз сөзүндө адеп туурасында аят, хадистерден баяндама айтып, адал эмгек, мээнеткеч адамды ийгилик жылмаярын баса белгилеп, билимдүү болууга, ата-энесине, мекенге кызмат кылууга чакырышты.
1 comment
With havin so much content do you ever run into any issues of plagorism or copyright violation? My website has a lot of unique
content I’ve either created myself or outsourced
but it appears a lot of it is popping it up all over the web without my agreement.
Do you know any techniques to help protect against
content from being stolen? I’d truly appreciate it.