30.1 C
Bishkek
14.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Балыкчы шаарындагы бийлик өкүлдөрү аксакалдар, ардагерлер, жаштар жана имамдардын катышуусунда ысырапкерчиликке жол бербөө маселесин талкуулашты

Балыкчы-шаарындагы-бийлик-өкүлдөрү-аксакалдар,-ардагерлер,-жаштар-жана-имамдардын-катышуусунда-ысырапкерчиликке-жол-бербөө-маселесин-талкуулашты

Өлкө башчынын жарлыгынын алкагында Балыкчы шаарынын мэриясынын  жыйындар залында мэрия кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, ИИМ өкүлдөрү, аксакалдар, ардагерлер, жаштар жана  имамдардын  катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана  аш-тойлордогу  ысырапка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  

“Ысырапкорчулук укуктун чегинен чыгып, бузукулука өтүү. Жараткан тарабынан ысырапкерчилик кылууга тыюу салынган. Ысырапкерчилик жеп-ичүүдө, мал-байлыкты иштетүүдө, убакытта болот. Андыктан Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыгарылган фатваны туура түшүнүү менен кабыл алып, Алла Тааланын жолунан адашпайлы”,-деди Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов.

Муну менен катар жыйында  ысырапкорчулуктун алдын алууда биргеликте иш алып барууну макулдашып, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектиги айтылды.

Related posts

Москвадагы борбордук мечиттин курулушуна 170 млн АКШ доллары сарпталган

Кыргыздын 1000 айымы ак элечек менен бир күндө, бир жерде болуусу Орто-Азиядагы эң чоң жаңылык катары кабылданышы күтүлүүдө

Адилет Сыдыков

Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылында «Исар» кайрымдуулук фонду тарабынан курулган «Абдирай ата» мечити пайдаланууга берилди

1 comment

مبل شویی در منزل شمال تهران 14.06.2025 at 15:10

Having read this I believed it was really informative.
I appreciate you spending some time and energy to put this content
together. I once again find myself personally spending a lot of time both
reading and commenting. But so what, it was still worth
it!

Reply

Leave a Comment