32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Аравандын башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов жергиликтүү элге кайрылуу жасады

Аравандын-башкы-имам-хатиби-Алибек-ажы-Жусупов-жергиликтүү-элге-кайрылуу-жасады

Ош облусунун Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов Араван районунун борбордук мечитинде жума намазы алдында райондун тургундарына кайрылуу жасап, террористтик экстремистик уюмдардын азгыруусунан оолак болууга чакырды.

«Жараткан Алла Таалам элибизге жерибизге тынчылык аманчылык, кут береке, ыйман, ынсап, кенен ырыскы берсин жана ар кандай балээ, кырсык апааттардан элибизди, жерибизди сактасын. Жараткан Аллага кайрылып, жалбарып көп-көп дуба кылалы. Бүтүн дүйнө элин Аллахым тынчтык амандык деген сыйлыгынан, нематынан эч качан айрыбасын.

Дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларга карап, анын ичинен Палестинада болуп жаткан кайгылуу, коогалаңдуу окуяларды көргөндө бардык адам баласынын жүрөгү канайт.  Ал эми ушул убакытта биз мусулмандардын милдети кандай болот? Хадис мазмунунда айтылгандай «Мусулмандын куралы дуба». Андыктан биз мусулман эли бир гана дуба кылабыз. Жана бул мамлекеттер арасындагы мамиле болгондугу үчүн биз өз алдыбызча жеке бир күчтөрдүн чакырыгына, үгүттөөсүнө арбалып Сирияга алданып кетип калгандардын абалына түшүп калбайлы.

Биз салттуу дин болгон Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасын карманган элбиз, ошондуктан жогоруда айтылгандай дуа кылуу менен гана сабырдуулук менен тынчтыкта жашап келебиз»,-деди Алибек ажы Жусупов.

Related posts

Аравандагы имамдарга инвентаризациялоо ишин тездетүү тапшырмасы берилди

Айт намазы 24-сентябрь күнү эски Ала-Тоо аянтында танкы саат 8:15 башталат

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Ош шаардык казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

1 comment

Gagogrofe 08.11.2024 at 14:41

Westland 7992 North Wayne Road Westland, MI 48185 Phone 734 522 6131 Map Directions best site to buy priligy canada

Reply

Leave a Comment