24.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Араванда этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган жыйын болуп өттү

Араванда-этностор-аралык-ынтымакты-бекемдөөгө-багытталган-жыйын-болуп-өттү

Ош облусуна караштуу Араван районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында ынтымакты бекемдөө жана этностор аралык мамилени жакшыртууга багытталган жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, райондук этностор аралык агенттиктин жетекчиси Тохтасинов Мурадил, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, укук коргоо органдары, айыл башчылар, имамдар жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Исламда эч бир улутту, эч бир этносту басынтууга жол жок экенин белгилеген Алибек ажы Жусупов:

«Ислам – тынчтыктын, ынтымактын жана толеранттуулуктун дини. Динди жеткирүүдө да эң жакшы мамиле керек. Кодулоо, мажбурлоо, кыйноо болбошу зарыл. Чакырылып жаткан адам исламдан иренжибегендей болушу зарыл. Динди жеткирүү пайгамбарыбыздын (САВ) «Жеңилдеткиле, бирок оорлоштурбагыла. Сүйүндүргүлө, бирок коркутпагыла» деген маанидеги хадисине ылайык жүргүзүлүшү керек», – деди.   

Эскерте кетсек, облус аймагында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана этностор аралык мамилени жакшыртууга багытталган иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.

Related posts

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мечттердин тазалыгын текшерди

Мирбек кызы Ханифа Дүйнөлүк Куран Жарышында 3-ордун алды

admin

Ош шаарында Куран жаттагандар үчүн атайын ыйык Куран китеби белекке берилди

Leave a Comment