32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Араванда Курман айт майрамына карата жаш жеткинчектер арасында Куран жарышы болуп өттү

Араванда-Курман-айт-майрамына-карата-жаш-жеткинчектер-арасында-Куран-жарышы-болуп-өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүндөгү «Чертик» мечитинде мечит имамы Орунбай ажы Мамадалиевдин демилгеси менен Курман айт майрамына карата өспүрүм балдар жана кыздар арасында 1 пара Куранды тажвид эрежелери менен жатка айтуу боюнча конкурс болуп өттү.

Иш-чарага Араван районун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, «Имам Бухарий» медресесинин ага окутуучусу Жамалдин кары Султанов, мечит имамы Орунбай ажы Мамадалиев жана жаш өспүрүмдөр катышты.

Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, кызыктыруучу белектер  тапшырылды.

«Улуу күндүн урматына ушундай жарыштар болуп атканы мени кубандырды. Албетте илим –  бардык мал-мүлктөн кымбат турат. Анткен мал-мүлктү сен коргойсуң. Ал эми илим сени коргойт. Шарият илимдерин алган жаштарыбыздын саны арта берсин», – деди Алибек ажы Жусупов.

Related posts

Ноокат районунун Ынтымак айылында ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Мирлан Исагалиев Талас облустук ооруканасына тез жардам автоунаасын белек кылды.

admin

Өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлер март айынан апрель айына чейин ишембилик өткөрүшөт

Leave a Comment