24.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Араванда «Бүбүсара» атындагы медреседе бүтүрүү аземи болуп өттү

Араванда-«Бүбүсара»-атындагы-медреседе-бүтүрүү-аземи-болуп-өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу «Бүбүсара» медресесинде бүтүрүү аземи болуп, окууну аяктагандарга дипломдор тапшырылды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек Орунбаев, ДИМКнын өкүлү Бөрүмухаммед Эсенов Ош облусунун аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова катышты.

Саамалыка Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев илим алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Илим эң негизинен Алланын ыраазычылыгы үчүн болот. Материалдык кызыкчылык үчүн илим алуу туура эмес, андай жукпайт. Ниетти туура коюш керек. Илим биринчи кезекте бала-чакабызга, эл-журтубузга тийиши зарыл», -деди облус казысы.

Эскерте кетсек, аталган диний окуу жайда жалпы 31 кыз аяктады.

Related posts

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (47)

Сузактын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаиловдун демилгеси менен жакыр жашаган 100 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылды

Эң даамдуу нан

Leave a Comment