24.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ал-Азхар университетинен келген дин аалымы шейх Ахмед Махмуд ал-Шариф өлкөбүздөгү дин кызматкерлерине Матурудий акыйдасы боюнча эки апталык сабак өтөт

Ал-Азхар-университетинен-келген-дин-аалымы-шейх-Ахмед-Махмуд-ал-Шариф-өлкөбүздөгү-дин-кызматкерлерине-Матурудий-акыйдасы-боюнча-эки-апталык-сабак-өтөт

 Бүгүн, 15-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Египеттеги Ал-Азхар университетинен келген белгилүү дин аалымы шейх Ахмед Махмуд ал-Шарифти кабыл алып, Чүй, Ош облусундагы жана Бишкек, Ош шаарындагы дин кызматкерлерине Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча эки апталык сабактын өтүлүшү боюнча пикир алышты.

Муну менен катар тараптар ислам дининин баалуулуктары, терс диний агымдардын алдын алуу боюнча дин кызматкерлерине тажрыйба керектиги тулкууланып, окуу курсунун акырында атайын сертификат бериле тургандыгын билдиришти.

«Тренинг 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурлууда. Дин кызматкелерибиздин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча билимин тереңдетип, алардын квалификациясын тереңтетүү биздин милдетибиз. Мындай окутууларга колдоо көрсөтүп, тажрыйбаңыз менен бөлүшүп жаткандыгыңызга жана чакырыгыбызга жооп берип келгендигиңизге ыраазычылык билдиребиз»,-деди Азирети Муфтий.

Дин кызматкерлерине уюштурулган окуу семинарынын жыйынтыгында атайын квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаттар берилмекчи.

Египеттеги Ал-Азхар университетинен келген дин аалымы  шейх Ахмед Махмуд ал-Шариф менен жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазиев, Абибилла ажы Кадырбердиев жана  дин аалымын коштоп келген Ал-Азхар университетинин магистранты, КМДБнын  Египеттеги өкүлү Акылбек Тагаев катышты.

Related posts

Бишкектеги «Аль-Мунара» Ислам борборун оңдоп-түзөөгө 2,5 млн сом сарпталып, жолдор асфальтталып, жарыктар орнотулду

Адилет Сыдыков

1 доллар баяны

Москвадагы эң ири мечит

1 comment

eco blankets 14.11.2024 at 14:02

Hi! Do you know if they make any plugins to help with SEO?
I’m trying to get my site to rank for some targeted keywords but I’m not seeing very good results.
If you know of any please share. Thank you! I saw similar art here: Wool product

Reply

Leave a Comment