20.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Алибек ажы Жусупов: Ислам аялзатынын кадыр-баркын көтөргөн

Алибек-ажы-Жусупов:-Ислам-аялзатынын-кадыр-баркын-көтөргөн

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов эрте куракта турмуш курууга жол бербөө жана үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алууга багытталган тегерек столго катышты. Тегерек столдо аялзатынын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу, укук жана милдеттери, стереотиптер жана баалуулуктар талкууланды.

«Ислам диниине чейин аялзатына өтө начар мамиле жасалган. Качан гана улуу динибиз келгенде аялзатынын кадыр-баркы көтөрүлдү. Пайгамбарыбыздын «Бейиш энелердин таманынын алдында», «Кимде-ким үч кызды чоңойтуп, мыкты тарбиялап, турмушка узатса, ал адамга бейиш бар»; «Оо Алла, чындыгында мен эки алсыздын –жетим менен (жесир) аялдын акысын жегенге тыюу салдым!», – деген маанидеги хадистери буга далил»,-деди облус казысынын орун басары.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара «Даткайым» фонду тарабынан өткөрүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрү ж.б. катышты.

Related posts

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Жалал-Абаддагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү — ФОТО

What you should have asked your teachers about jazz music

Адилет Сыдыков

How to Keep Your Body Healthy Over the Festive Season

admin

1 comment

創建binance帳戶 05.07.2025 at 05:39

Your point of view caught my eye and was very interesting. Thanks. I have a question for you.

Reply

Leave a Comment