24.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ала-Букада «Ынтымак» комплекси курулууда

Ала-Букада-«Ынтымак»-комплекси-курулууда

Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун 1977-жылы туулган жигиттеринин биримдиги 2020-жылы Ала-Бука райондук ооруканасына тез жардам автоунаасын белекке беришкен эле. Мындан башка бир катар соопчулук, социалдык иштерди жүргүзүп келет.

Жигиттердин башында турган Замир, Сейитбек жана Бакыт аттуу жергиликтүү тургундардын чакыруусу менен облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков алардын демөөрчүлүгү менен курулуп жаткан “ЫНТЫМАК” комплексинин капсуласын салды.

Бул комплексте мечит, медресе куруу жана жерлерди жашылдандыруу боюнча 5 гектар жерге көчөт отургузулмакчы.

Облус казысы өз сөзүндө жигиттердин жакшылык иштери амал дептерлерине жазылып, бул дүйнө жана акыретте да пайдасы тие турганын баса белгилеп, алардын мындан аркы иштерине ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Ала-Бука районунда 75 мечит бар. Анын баары мамлекеттик каттоодон өткөн.

Related posts

Азирети муфтий Бүгүн Америкадагы мекендештерибиз менен жолугушат.

Адилет Сыдыков

13,000+ People Have Bought Our Theme

admin

Instant Pot Recipes That Make Meals Lot Easier

admin

Leave a Comment