Алай районунун баш имам-хатиби район тургундарына Матурудий акыйдасы жана Ханафи мазхабы боюнча маалымат берди

0
1
Алай-районунун-баш-имам-хатиби-район-тургундарына-Матурудий-акыйдасы-жана-Ханафи-мазхабы-боюнча-маалымат-берди

Ош облусунун Алай районундагы борбордук Гүлчө мечитинде райондун баш имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров Матуридий акыйдасы жана Ханафи мазхабы боюнча баяндама жасады.

 «Алла Таала Аали Имран сүрөсүнүн 103-аятында «Баарыңар Алланын жибин (динин) гана карманып, бөлүнүп-жарылбагыла»,- деп айткан. Ошондуктан бардыгыбыз биримдикте болушубуз шарт. Мусулмандарды бөлүп-жарган агымдарга кулак салбай, динибизди жакындан таанууга аракет кыла берели», – деди баш имам хатиб.

Эскерте кетсек, облус аймагында Матурудий акыйдасы жана Ханафи мазхабы боюнча түшүндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here