24.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Акжол ажы Бакиров студенттерге «Илим алуунун булактары» аталышында баяндама жасады

Акжол-ажы-Бакиров-студенттерге-«Илим-алуунун-булактары»-аталышында-баяндама-жасады

ОшТУнун Өзгөн техникалык колледжинде Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров «Илим алуунун булактары» аталышындагы баяндама жасап, ата-эне жана мугалимге болгон сый-урмат, ислам баалуулуктары, илим алуунун зарылдыгы жана маалыматтык сабаттуулук боюнча студенттерге маалымат берди.

Иш-чарага Өзгөн районун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн райондук Аксакалдар кеңешинин дин боюнча кеңешчиси Жумагул ажы Маметов, ОшТУнун Өзгөн техникалык колледжинин эмгек жамааты жана студенттер катышты.

«Курандын эң алгачкы буйругу «оку!» деп келет. Демек ислам дини үйрөнүүгө, билим алууга, маалыматка ээ болууга чакырат. Динибиздеги кырк парздын бири дал ушул илим алуу болуп саналат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Илимди Кытайдан болсо да алгыла» деген. Дагы бир хадисте «илим алуу бешиктен кабырга чейин» деп, баарыбызды илим-билим алууга чакырат. Илим алууда же кандайдыр бир маалыматка ээ болууда анын негизги булагына көңүл буруу кажет. Кээде исламда болбогон нерсени исламга таңуулап же тескерисинче динде бар нерсени жокко чыгарышат. Ушунун баары маалыматтык булактардан кабарыбыз аз экенин  далилдейт», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.

Related posts

Айт намазы Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Санитардык талаптарды бекем сактайлы! Айт намазынын программасы

Эки элдин достук жана кызматташуу алакалары бекемделет. Мындай пикир Кыргызстан жана Татарстан Республикасынын Азирети Муфтийлеринин жолугушуусунда айтылды

Өзгөндө маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча шарияттык эрежелер түшүндүрүлүп, эл менен жолугушуулар уланууда

1 comment

Daftar Binance US 15.06.2025 at 11:24

Your point of view caught my eye and was very interesting. Thanks. I have a question for you.

Reply

Leave a Comment