32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Талас шаарындагы «Чет тилдер» кыздар медресесине барып, айымдар үчүн «Эне -үйдүн куту жана тарбиянын башаты» темасында баяндама жасады

Азирети-Муфтий-Замир-кары-Ракиев-Талас-шаарындагы-«Чет-тилдер»-кыздар-медресесине-барып,-айымдар-үчүн-«Эне-үйдүн-куту-жана-тарбиянын-башаты»-темасында-баяндама-жасады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Талас шаарындагы  «Чет тилдер» кыздар медресесине барып, айымдар үчүн «Эне -үйдүн куту жана тарбиянын башаты» темасында баяндама жасады. Азирети Муфтий аялзаты билимдүү болуш керектигин айтып, мындан ары айымдар үчүн сабактар облустук казыят тарабынан уюштурулаарын билдирди.

«Эне-үйдүн куту жана тарбиянын башаты. Андыктан сиздер ары билимдүү, ары көрөгөч жана акылман болушуңуздар керек. Балдардын тарбиясына ата-эненин салымы чоң. Келиңиздер! Бардыгыбыз өсүп келе жаткан муунду ыймандуу, адеп-ахлагы бийик кылып тарбиялап, мамлекетибиз үчүн эң мыкты адистерди даярдап берели. Балдарыбыз ыймандуу, билимдүү болсо өлкөбүз өсөт жана өнүгөт»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманкожоев айымдар үчүн мазхаб, акыйда боюнча түшүндүрмө берип, терс диний агымдардан оолак болууга чакырды.

«Алла Таалам насип кылса облусубузга мыкты аалымдарды чакырып, элибиздин жан дүйнөсүн агартып, динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирүүнү максат кылуудабыз. Андыктан айымдар жана мырзалар үчүн атайын сабактарды уюштурабыз»,-деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Андан соң Азирети Муфтий  окутуу борборунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, кошумча кесиптик билим берүүчү сабактардын кирүүсү студенттерге артыкчылык бере тургандыгын билдирди.

Related posts

Ош облусундагы имамдар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуудан өтүштү

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев мурдагы Муфтий Абдусаттар ажынын уулу Джаббор ажы Мажитовдун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Жалал-Абад шаарында Курман айт майрамы белгиленди

Leave a Comment