33.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Ош шаарынын жалпы имамдарына жыйын өткөрдү

Азирети-Муфтий-Замир-кары-Ракиев-Ош-шаарынын-жалпы-имамдарына-жыйын-өткөрдү

Бүгүн, 12-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ош шаарынын борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинин жалпы имамдарына жыйын өткөрдү. 

Жыйынга Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана шаардагы жалпы мечит имамдары жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышты.

«Диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү керек. Анткени элдер диний сабатсыздыктын айынан ар түрдүү туура эмес диний агымдарга кирип кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан моюнубузга жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, элди ынтымакка, биримдикке чакыруу менен бирге Ханафий мазхабы, Матуриди акыйдасы боюнча окутуу иштерин жүргүзүү керек», — деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Related posts

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев облустагы диний окуу жайлардын жана окуу борборлордун жетекчилери менен жолукту

Кыргызстан Ислам университетин 2020-2021-окуу жылында 100 студент аяктады

The Original StarCraft Is Now Free and It’s Available on PC and Mac

admin

Leave a Comment