24.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев мурдагы Муфтий Абдусаттар ажынын уулу Джаббор ажы Мажитовдун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Азирети-Муфтий-Замир-кары-Ракиев-мурдагы-Муфтий-Абдусаттар-ажынын-уулу-Джаббор-ажы-Мажитовдун-ааламдан-өткөндүгүнө-байланыштуу-үй-бүлөсүнө-көңүл-айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Орто Азиядагы аалымдар илим алган мурдагы Муфтий Абдусаттар устатыбыздын уулу, белгилүү дин аалымы Джаббор ажы Мажитовдун бул ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

Джаббор ажы Мажитов ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө, балдарга туура таалим-тарбия берүүдөгү эмгеги зор. Аз өмүрүндө бир топ шакирттерди тарбиялап өстүрдү. Чындыгында бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар! Кайгыңарды тең бөлүшөбүз. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым, себеби биз кесиптеш дагы болуп иштешип калдык.  Өз өмүрүн илимге арнап, жаштарга өзүнүн насаатын айтып, алган билимин жана тажрыйбасын келечек муунга өткөрүп кетүүгө далалат кылды. 

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) . “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). . 

Джаббор ажыбызды  Жараткан  Алла Таала Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Алла Тааладан  тилеймин.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи  Замир кары Ракиев

Related posts

Кабыр азабы

Кара-Суу районунда баш имам-хатибдин демилгеси менен ишембилик өткөрүлдү

Сабырдын түбү -сары алтын

1 comment

Phising dan scam 07.06.2025 at 23:13

Great website. Lots of useful information here.
I’m sending it to several pals ans also sharing in delicious.

And of course, thank you to your effort!

Reply

Leave a Comment