21.1 C
Bishkek
10.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Египет мамлекетинин Аль-Азхар университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттерден кабар алды

Азирети-Муфтий-Замир-кары-Ракиев-Египет-мамлекетинин-Аль-Азхар-университетинде-билим-алып-жаткан-кыргызстандык-студенттерден-кабар-алды

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Египет мамлекетинин  Аль-Азхар университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттерден кабар алды.

Азирети Муфтий студенттерге Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы, убакытты туура пайдалануу, изденүү  боюнча баяндамасын жасады. Муну менен катар жергиликтүү элдин мыйзамдарын так сактоо керектигин айтып, өлкөбүзгө билим куржунун толтуруп келүүлөрүнө тилектештигин билдирди.

“Билим алууда убакыт абдан маанилүү. Андыктан Ханафий мазхабы менен  Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүп, элибизге ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө салым кошууга чакырам. Жаштыгыңыздарды туура багыттап, илимдүү, ыймандуу, адептүү коомду түзүүдө тажрыйбаңыздарды кошосуздар деп ишенем”,-деди  Азирети Муфтий.

Аль-Азхар университетинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев дагы катышып, Аль-Азхарда окуп жүргөн мезгилиндеги тажрыйбалары менен бөлүштү.

Related posts

Are You Ready For Discover Sea Diving Position Fall Nation Area Down

admin

Сузактын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаиловдун демилгеси менен жакыр жашаган 100 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылды

Кумар оюндары боюнча шарият кандай карайт?

Leave a Comment