32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Билим берүү – биздин келечегибиз!

Азирети-Муфтий-Замир-кары-Ракиев:-Билим-берүү-–-биздин-келечегибиз!

 Бүгүн, 23-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев түндүк аймактагы диний окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуп, окуу программалары, билим берүүнүн сапаты, санариптештирүү, Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча пикир алышты. Муну менен катар Азирети Муфтий ар бир диний окуу жайдын жетекчисин кабыл алып, билим берүү жайларындагы абал менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.

«Билим берүү – биздин келечегибиз! Андыктан диний окуу жайлардагы шартты, сапатты жана билим берүүнүн методун жакшырталы. Мугалимдердин билим деңгээлдерин жогорулатып, окуу жайлар бири бири менен тажрыйба алмашууну жолго салуулары керек. Биздин максатыбыз окуу жайларды бирдиктүү системага алып келүү»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов диний окуу жайлардын ортосунда ынтымак, спорттук жана билим берүү жаатында атайын олимпиядалардын өтүшү керек экендигин айтып, бул жаатында атайын мониторинг өткөндүгүн билдирди.

«Концепциянын алкагында атайын диний окуу жайлар үчүн атайын иш план кабыл алынып, анын алкагында акыйда, мазхаб боюнча билимди тереңдетип окутуу менен чет жердеги окуу жайларга студенттерди атайын КМДБнын жана ДИМКтин багыттамасы боюнча жөнөтүү боюнча иш алып баруудабыз. Учурда диний окуу жайлардын ишин оптималдаштыруу боюнча Муфтият бардык аракеттерди көрүүдө»,-деди Равшан ажы Эратов.

Муну менен катар КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы билим берүүнүн сапатын жакшыртууда 2 жылдык же 6 айлык «Билим берүү борборлорун», «Диний билим берүү курстарын», «Аялдардын окуу борборлорун» түптөө менен жашы улгайган жарандар үчүн дагы билим алууга шарт түзүү керектигин билдирди.

«Адатта 9-классты бүткөндөр диний окуу жайларга тапшырышат. Бирок улуу муундагы жарандарыбыз дагы диний жаатта билим алгысы келишет экен. Ошондуктан биз бул жаатта дагы иш алып барып, диний окуу жайларыбыздын ишин оптималдаштырсак»,-деди Равшан ажы Эратов.

Related posts

Казино мыйзам долбоорун колдогон комитеттин мүчөлөрү кимдер? (тизме)

admin

«Умра ажыдан келгенде той өткөрүү — чектен ашкан ысырапкерчилик»

admin

16-июлда Жалал-Абадда маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференция өтөт

Leave a Comment