21.1 C
Bishkek
10.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Кара-Бак айылындагы «Молло Аянбай уулу Ысмайыл» атындагы мечиттин ачылыш салтанатына катышты

Азирети-Муфтий-Замир-кары-Ракиев-баштаган-дин-аалымдары-Кара-Бак-айылындагы-«Молло-Аянбай-уулу-Ысмайыл»-атындагы-мечиттин-ачылыш-салтанатына-катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапарынын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Молло Аянбай уулу Ысмайыл» атындагы мечиттин ачылыш салтанатына катышты. Саамалыкка президенттин  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев, ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Талас, Жалал-Абад, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунан мусулмандар казылары, КМДБнын кызматкерлери күбө болушуп, өздөрүнүн каалоо-тилектерин, куттуктоолорун айтышты.

Азирети Муфтий элди ынтымакка, биримдикке жана достукка чакыруучу жай мечит экендигин айтып, жергиликтүү жашоочуларды «Молло Аянбай уулу Ысмайыл» атындагы мечиттин ачылышы менен куттуктады.

«Мечит, инсандын ыйманын, адеп-ахлагын оңдой турган ыйык жай. Алла Тааланын үйүн таза кармап, келечек муундарыбызды ыймандуу кылып өстүрөлү. Мечитте уккан аалымдардын насааттарын жашообузга пайдаланып, коомубуздун, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу»,-деди Азирети Муфтий.

Related posts

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлектеги диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттердин билим деңгээлин текшерди

Азирети муфтий Москва шаарындагы борбордук мечиттин ачылышына катышуу үчүн Орусияга жөнөп кетти

Лейлекте КИУнун мугалими Мухаммед Исанын жаркын элесине арналып курулган мечит ишке кирүү алдында

1 comment

биткойн инвестиции 29.06.2025 at 21:04

Hi, There’s no doubt that your website could possibly
be having internet browser compatibility problems.
Whenever I look at your web site in Safari, it looks fine however, when opening
in IE, it’s got some overlapping issues. I just wanted to provide you with a quick heads up!
Aside from that, wonderful site!

Reply

Leave a Comment