24.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин бир тууган агасы Качкын Ракиевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу КМДБнын жалпы эмгек жамааты көңүл айтты

Азирети-Муфтий-Замир-кары-Ракиевдин-бир-тууган-агасы-Качкын-Ракиевдин-дүйнө-салгандыгына-байланыштуу-КМДБнын-жалпы-эмгек-жамааты-көңүл-айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин  бир тууган агасы Качкын Ракиевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу КМДБнын жалпы эмгек жамааты көңүл айтты.

Урматтуу Азирети Муфтий,

Агаңыз, Качкын Ракиевдин дүйнө салышына байланыштуу  КМДБнын жалпы эмгек жамааты Сизге, маркум агаңыздын үй-бүлөсүнө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалабыз жалпыңыздарга күч-кубат берсин. Жаратканыбыз маркум агаңызды Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Алла Тааладан  тилейбиз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

КМДБнын жалпы эмгек жамааты

Related posts

Rvssian Shares Cameo Video are From ‘The Tinder Swindler’

admin

Жалал-Абад казыяты Иордания мамлекетинен билим алгандар кыз-келиндерге окуу семинарын өткөрдү

Кабырдагы жиптин сурагы…

Leave a Comment