21.1 C
Bishkek
13.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарындагы ажы башчыларга лицензияларды тапшырып, бир катар тапшырмаларды берди

Ажылыкты-уюштуруу-штабынын-жетекчиси-Жалал-Абад,-Баткен,-Ош-облусу-жана-Ош-шаарындагы-ажы-башчыларга-лицензияларды-тапшырып,-бир-катар-тапшырмаларды-берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары, 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарындагы  ажыларды жетектеп баруучу ажы башчыларга лицензияларды тапшырып, ажылык сапарынын тартип, эрежелери менен тааныштырды.

«Ажы башчылык милдетин аткаруу жоопкерчиликти талап кылат. Барган жердин мыйзамына баш ийип, ажылардын ибадаттарды шариатка ылайык аткаруусуна жооптуусуздар. Эми убакытты туура пайдаланып, ажылыкка баруучу мекендештерибизге сабактарды уюштуруу жана ажылык ибадатынын тартип, эрежелерин түшүндүрүү керек», — деди штаб жетекчиси.

Related posts

Москвада сабалган 11 жаштагы кыздын апасы эч кимге арыз-дооматы жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тартты

admin

Өзгөн районун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров мечиттерди каттоодон өткөрүү үчүн имамдарга июнь айына чейин убакыт берди

Кадамжай шаарында «Баткен, биз сени менен!» аталышындагы чек арада шейит кеткендерге багышталып, Куран окулду

Leave a Comment