«Адам бойдон калалы». Сибирдин бир айылында мигранттын үй-бүлөсүн коргоп калгандар

Исаковдордун үй-бүлөсү Сибирдин Светлый айылында жашаган жалгыз мигрант. Алар Кыргызстандан Орусияга былтыр жайында көчүп келишкен. Үй-бүлө сегиз жашар уулун жергиликтүү мектепке киргизген, бирок сентябрдын башында жогорку класстын окуучулары улутуна карап, баланы сабай башташкан.

Ата-энеси баланы кодулаган 5-класстын окуучусу менен сүйлөшүүгө аракет кылган. Бирок анын апасы орус коомчулугуна, алар Бастрыкинге арызданган.

Жыйынтыгында сабалган баланын ата-энесине 5-класстын окуучусун уурдап, өлтүрөм деп коркуткан деген негизде кылмыш иши козголгон. Бирок Светлый айылынын тургундары мигранттын үй-бүлөсүн коргоп чыгышкан.

Эки үй-бүлө мүчөлөрүнүн тең аты-жөнү алардын коопсуздугу үчүн өзгөртүлдү.

Светлый — Новосибирск шаарынан 35 чакырым батыш тарапта жайгашкан 500дөй калкы бар чакан айыл.

32 жана 29 жаштагы Азамат Исаков менен Динара ал жерде жашаган жалгыз мигрант үй-бүлө эле. Түгөйлөрдүн үч баласы бар.

Адегенде алар Светлыйдын жанындагы чоңураак Прокудск кыштагына отурукташкан. Орусиянын жарандыгын алган Азаматтын атасы ал жерде көптөн бери жашайт.

Азаматтын иши турак-жайларды оңдоп-түзөмөй. Динара үй-тиричилиги менен алектенип, балдарды карачу. Алар сезондук оруп-жыюудан дагы киреше табышчу.

2024-жылдын июнь айында үй-бүлө унаасын сатып, 850 миң рублга Светлыйдан үй сатып алган. Август айында үйдү оңдоп-түзөп, ал жакка көчүп киришкен.

Алардын улуу баласы сегиз жашта. Өткөн жылы ал биринчи классты Прокудсктагы мектепте окуп, быйыл Светлыйдагы жергиликтүү мектепке которулган.

«Прокудскта окуп жүргөндө уулуна эч ким тийишчү эмес, ал жакшы окуган жана жөндөмдүү окуучу болчу»,- дейт Динара Би-Би-Сиге.

Бирок жаңы мектепке келгенине эки жума боло электе эле 12-сентябрда уулу үйүнө токмок жеп келген.

 Жубайлар эртеси мектепке барууну чечишкен

Биринчи уруш

Ал учурда ата-эне жумушта болчу, картошка терип жүрүшкөн экен. Балдарды чоң энеси, Азаматтын апасы (атасы экөө көптөн бери өзүнчө жашайт) багып жаткан. Ал балдарга каралашканы Кыргызстандан атайын келген. Ата-эне болсо суук түшүп кеткиче оруп-жыюуга үлгүрүп калуу үчүн талаада иштеп жүрүшкөн эле.

“Балам мектептен ыйлап, маанайы жок келди. Чоң апасына аны жогорку класстын окуучулары сабап, ажатканага камап салышканын айткан”, — дейт Динара.

Аны сооротуу үчүн чоң апа үч баланы дүкөнгө алып барып, таттууларды сатып берген. Жолдон небересин сабаган 5-класстын үч окуучусуна жолугуп калышкан.

Чоң апа аларга кайрылып, “Эмне үчүн менин баламды капа кылып жатасыңар?”,- деген.

Ага жооп иретинде балдар:

“Ал арызданган экен да. Сени менен эртең мектепте сүйлөшөбүз”,- дешкен.

Балдардын бири чоң энеге кайрылып “Керек болсо балаңды сени каратып туруп урабыз”,- деп айткан экен деди Динара.

Баласынын сабалганын ата-энеси кечинде оруп-жыюудан келгенде билишкен

Динаранын айтымында, кайненеси орус тилин жакшы түшүнөт, бирок начар сүйлөйт, акценти күчтүү:

“Алар (5-класстын окуучулары) улгайган кишиге сенсиреп, орусча так сүйлөй албаганы үчүн шылдыңдашкан”,- деди Динара.

Баласынын сабалганын ата-энеси кечинде оруп-жыюудан келгенде билишкен.

“Кайненемдин шаабайы сууп эле отуруп калыптыр. Алар (5-класстын окуучулары) бала менен эртең сүйлөшөбүз деп коркутушканын айтты”, — деп эскерет Динара.

Жубайлар эртеси мектепке барууну чечишкен.

Мектепке эмнеге келдиңер?

13-сентябрь күнү эртең менен Азамат жана Динара уулун ээрчитип алып мектепке келишкен.

Уулун сабаган балдар менен бир класста окугун 11 жашар кошунасы алар менен чогуу барган.

Кичинекей Исаков аны менен айылга көчүп келгенде эле достошкон. Экөө жаш айырмачылыктарына карабай көп ойношчу.

Мектептин кире беришинде алар уулун сабагандардын бири Сидоровго жолугуп калган.

Баланын айтымында, чатактын башында дал ошол окуучу турган. Калган экөө кичинекей Исаковго качууга мүмкүнчүлүк бербей, анан ажатканага камап салышкан.

Исаковдордун ата-энесин көргөндө Сидоров качып кетүүгө аракет кылган. Азамат унаадан түшүп, артынан кубалап жетип, баланы машинанын жанына алып келген.

Уулун сабаган балдар менен бир класста окугун 11 жашар кошунасы алар менен чогуу барган

Динаранын айтымында, бул көрүнүш мектепке 100 метр аралык жакындыкта болгон жана Сидоров алар менен чогуу мектепке келген.

“Биз аны мугалимге алып барып, чырды баштагынан айттык. Ал баламдан кечирим сурап, ошону менен баары бүттү”, — дейт ал.

Динара Сидоровдун класс жетекчиси менен сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок андан майнап чыккан эмес.

Ал дароо эле “Мектепке эмнеге келдиңер? Алардын (Сидоровдун) үйүнө баргыла, ошол жерден чечишип алгыла”,- деген.

Исаковдор талаа жумуштарына шашып Сидоровдун үйүнө барышкан эмес. Ошол эле күнү кечинде полицияга суракка чакырылган. Анткени Сидоровдун апасы баласын уурдап кетти деп Исаковдун үстүнөн арыз жазыптыр.

Биринчи сурак

Алар 13-сентябрь күнү кечинде уулу менен бирге милиция бөлүмүнө келишкен. Тергөө учурунда Динара баласын расисттик маанидеги сөздөр менен кемсинткенин жана мындай мамиле уруштан кийинки күнү дагы болгонун билген.

5-класстын окуучусунун апасы Елена Сидорова өз арызында Исаковдор анын уулун машинага күчкө салып отургузуп, унаада мыйзамсыз кармаганын жазган.

Суракка 12-сентябрда Исаковдор менен мектепке чогуу келген кошуна бала да ата-энеси менен келген. Ал Сидоров унаага өз ыктыяры менен отурганын тастыктаган.

Жыйынтыгында полиция кылмыштын курамы жок болгондуктан бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Исаковдорго ата-энелер чогулушунда экинчи тараптын ата-энелери менен сүйлөшөбүз деп убада беришкен.

Динаранын айтымында, бала сабалгандан кийин анын денесинен көгалалар байкалган, бирок ата-эне аны каттаткан эмес:

“Сабалгандан кийинки күндөрү баламдын жүрөгү айланып жүрдү. Анткени анын башына бир нече жолу муштум менен уруп, андан кийин тебишкен. Биз денесиндеги жаракаттарын тарттырган жокпуз, ал ойго да келген жок. Жөн гана ата-энелер чогулушун күтүп, сүйлөшүүнү кааладык. Күттүк, бир ай өттү. Анан бизди прокуратурага чакырышты”.

Сени сабап, атаңды камады

Адегенде жубайлар бул чакыруу эмнеге байланыштуу экенин түшүнгөн эмес. Анткени полиция кылмыш ишин козгогон эмес. 7-октябрда алар коңшу айылдагы Коченев райондук прокуратурасына чакырылган. Динаранын айтымында, ал жерде аларды ошол эле окуя боюнча түнгө чейин суракка алышып, эртеси күнү дагы кайра чакырышкан.

Бул жолу Динара прокуратурадан үйгө жалгыз кайтып келди. Анткени күйөөсүн жашы жете элек баланы уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары камап коюшкан. (Кылмыш кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүгү, 12 жылга чейин эркинен ажыратуу).

Чоң энеси эчак кеткендиктен ошол учурда балдары алардын жанында болгон. Улуу баласы атасынын колуна кишен салып алып чыгып бара жатканын көргөн.

Эртеси күнү баласы мектептен кийин ыйлаганын айтып эскерди

“Эмне кыларымды билбей калдым, ыйлай баштадым. Улуу балам дүрбөлөңгө түшүп: “Эмнеге мындай болуп жатат. Мени эмнеге төрөдүң”,- деген сөздөрдү айтып кыйкырды деди Динара.

Эртеси күнү баласы мектептен кийин ыйлаганын айтып эскерди.

“Ал мунун баары мен үчүн болду деп айтты. Себеби ошол күнү ал мектептен Сидоровго жолугуп калган. Ал сен сабалдың, атаң камалды. Силер мага эч нерсе кыла албайсыңар, анткени силер байкушсуңар”,- деп айтыптыр деди Динара.

9-октябрда Динараны кайрадан үчүнчү жолу прокуратурага чакырышкан. Ал жактан кылмыш ишине анын дагы тиешеси бар экенин айтышкан.

Бирок ал күйөөсү сыяктуу жашы жете электерди уурдоо беренеси боюнча эмес, өлтүрөм деп коркутуу (Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси, 1-бөлүгү) боюнча шек саналып жатканын айтышкан. (Бул берене боюнча эки жылга чейин абакка кесүү жазасы каралган).

Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал 13-сентябрда унаада Сидоровду өлтүрөм деп коркуткан, бирок ишке ашырууга багытталган эч кандай аракеттерди көргөн эмес.

Динара ал күнү өзү үчүн эмес, жолдошу үчүн тынчсызданганын айтат.

Тергөөчүлөр анын оор берене менен айыпталып жатканын айтып, 12 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Бирок ошол күнү күйөөсүн коё беришкен жана шектүү саналган экөө чогуу Светлыйга кайтышты.

«Күйөөм атайын аскердик операцияда, мени коргой турган эч ким жок»

Айылга кайтып келгенде, үйүнүн жанына бир топ жергиликтүү тургундар чогулуп калышканын көрүшкөн. Алар жубайларга Telegram баракчасына жарыяланган видеону көрсөтүшкөн.

Видеодо «июнь айында биздин айылга мигранттардын үй-бүлөсү көчүп келген», — деп сүйлөгөн аялды Азамат жана жубайы Сидоровдун апасы экенин дароо таанышкан.

Анын айтымында, 12-сентябрда уулу менен Исаковдордун баласынын ортосунда жаңжал чыккан (бирок Сидорованын айтымында, анын уулу 2-класстын окуучусун урган эмес). Эртеси күнү мигранттын үй-бүлөсү уулун күч менен машинага салып, аны өлтүрөм деп коркуткан деп айткан.

“Күйөөм атайын аскердик операцияда, мени коргой турган эч ким жок. Орус коомчулугунан жардам сурайм”, — деген Сидорова.

“Орус коомчулугу” – бул Орусияда бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында бөлүмдөрү бар ультра оңчул уюм. Сидорованын видеосун 7-октябрда эртең менен «Орус коомчулугу» каналы жарыялаган.

“Орус коомчулугу” жарыялаган видеодо Сидорова полицияга арыз жазганын, бирок полиция кылмыш ишин козгоодон баш тартканы айтылган.

“Бул жагдайды карап чыгып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну компетенттүү органдардан суранабыз”, — деп жазылган анда.

Кайрылууда Тергөө комитетинин (СК), Бастрыкиндин жана Башкы прокуратуранын аккаунттары белгиленген.

Бул кайрылууга Бастрыкин дароо реакция кылып, ошол эле күнү окуянын негизинде кылмыш ишин козгоону талап кылган.

Ал жерге чогулган жергиликтүү тургундар Исаковдорду колдогон

Исаков эмне үчүн аялы экөө үч күндөн бери суракка чакырылып жатканын, полиция баш тарткан кылмыш иши эмне үчүн прокуратурада тергелип жатканын дароо түшүнгөн.

Ал жерге чогулган жергиликтүү тургундар Исаковдорду колдогон.

“Тааныгандар дагы, тааныш эмес адамдар дагы чогулуп, бизди колдошту. Азаматты эмне үчүн кармап кеткенин түшүнүшкөн жок”,- деп эскерет Динара.

«Апа, алар аны кыйноону улантып жатышат»

Кошунасы Елена Исаковдордун үй-бүлөсү Светлыйга көчүп келген үч айдан бери алар менен жакшы мамиледе болгонун айтып эскерет.

“Керемет, боорукер адамдар. Азамат мээнеткеч, эртеден кечке жумушта, кечинде келип жолдошума жардам берет. Динара дагы аны менен кошо келчү”,- деди ал.

“Исаковдордун сегиз жаштагы жана алты жаштагы эки уулу, үч жаштагы кызы бар, абдан тарбиялуу. Кичүүсү күнүнө он жолу биздин короого келип, балдарды ойнойлу деп чакырат. Күнүнө он жолу “Саламатсызбы!”, “Уруксатпы?”, “Ыракмат!“ деп айтат. Тун уулу да өтө тарбиялуу. Кичинекей кызы орусча сүйлөгөндү эми гана үйрөнүп келе жатат. Бирок ал да көпчүлүк менен сүйлөшкөндү жакшы көрөөрү жана тарбиялуу экени көрүп турат”,- деди коңшусу Елена.

Сидоровдун энеси төрт баласын жалгыз тарбиялайт,- деп билдиришти жергиликтүү тургундар Би-Би-Сиге.

Алардын айтымында, Елена Сидорова иштебейт жана мамлекеттен балдары үчүн жөлөк пул алат.

Балдарынын улуусу 18 жашта, аскерде,- деди айыл тургундары.

Сидорова өзү Би-Би-Синин кабарчысын социалдык тармактарда бөгөттөп, аны менен сүйлөшпөй койгон.

Сидорова өзү Би-Би-Синин кабарчысын социалдык тармактарда бөгөттөп, аны менен сүйлөшпөй койгон

“Сидоровдун атасы узак убакыт абакта отурган. Акыркы жолу уурулук үчүн соттолгон. Абактан чыккандан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, былтыртан бери Украинадагы орус армиясынын курамына кирген”,- деди жергиликтүү тургундардын бири.

«Чоң класстын балдары Исаковдордун сегиз жаштагы уулуна 12-сентябрдан кийин дагы кодулоону улантышкан. Бир гана Сидоров эмес. Мен кээде алардыкына барып калганда мектепте абал кандай? деп сурап калчумун. Ал баары жакшы деп гана жооп берип койчу. Бирок менин уулум да ошол мектепте окуйт да. Ал апа алар аны дале кодулап жатышат деп айтып келчү. Бирде мектепте жыйналыш болгондо ал жалгыз туруп калыптыр. Ошондо балдар баламдын жанына келип, тигил эмнеге эмнеге жалгыз турганын билесиңби? Анткени ал “кара” деп айтышыптыр”,- деди коңшусу Елена.

«Керек болсо, биз дагы келебиз»

“Орус коомчулугу” жарыялаган билдирүүдөн жана сабалган баланын ата-энесине кылмыш иши козголгондон кийин айыл тургундары чогулуп, маселени чечүү жолун талкуулаган.

Алар Прокудск айылдык кеңешинин депутаты Наталья Шишкина менен байланышып, тургундардын жыйынына келүүнү суранышкан.

Шишкина Прокудскта жашайт, бирок төрт жылдан бери Светлый айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашып кетет. 10-октябрда өткөн жыйынга 30 адам катышкан.

“Депутат катары таза суу, жол маселеси боюнча көп жыйындарды өткөрүп турам. Адатта жыйынга беш-он киши келет. Бул жолку жыйынга келген адамдардын саны бардыгын таң калтырды. Клубда мынчалык көп кишини биринчи жолу көрүшүм (жергиликтүү эл Светлыйдагы Маданият үйүн чогулуш өткөн жер деп аташат), баары дал ушул үй-бүлөнү колдоо үчүн келишти. Бизде күнүмдүк маселелер боюнча мынчалык көп адам чогулган эмес”,- деген ал.

Жолугушууда Светлый айылынын тургундары депутат Шишкина менен биргеликте Исаковдордун үй-бүлөсүн колдоп видео кайрылуу жазышкан.

«Биз бул жерге бүтүндөй айыл болуп чогулуп, жабыркаган баланын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн келдик. Айылдаштарым жана депутат катары мен бул үй-бүлөгө жакшы мүнөздө берем”, — деди Шишкина видеодо.

“Алардын эч кандай күнөөсү жок. Коңшу катары дагы, адам катары дагы жакшы кишилер. Биз үчүн ким кайсы улуттан экени маанилүү эмес. Биз баарыбыз бир тууганбыз. Мен ак болсом, ал кара. Эмне айырмасы бар? Бир айылда жашайбыз, бири-бирибизди сыйлашыбыз керек”, — деген видео кайрылууда айыл тургундарынын бири.

“Керек болсо, биз дагы келебиз”,- деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

“Биз бири-бирибизге сабырдуу болушубуз керек. Баарыбыз адамбыз жана улуттар аралык мамилени козутпастан адам бойдон сакталып калышыбыз керек”, — деп жыйынтыктаган видеону айыл башчысы Светлана Коржова.

Бул видео кайрылуу жергиликтүү маалымат каражаттарына октябрдын аягында гана чыккан.

Буга чейин прокуратура Исаковдорго карата иш козгоо боюнча эки чечимди тең жокко чыгарганы белгилүү болгон.

Ведомство Азамат 5-класстын окуучусу Сидоровду уурдаган эмес, ал балдардын ортосундагы чыр-чатакты чечүүгө аракет кылган, окуучуну мектепке алып барып, жүрүм-туруму боюнча мугалим менен сүйлөшкөн деген бүтүм чыгарган. Динара баланын өмүрүнө эч кандай коркунуч келтирбегенин аныктаган.

Светлый айылынын тургундары бул чечимге шилтеме жасап, “Сидорованын такталбаган жана бурмаланган видеосу “Орус коомчулугу” каналынан өчүрүлсүн” деп талап кылышкан. Тиешелүү кайрылууну алар милиция менен прокуратурага жолдошкон.

Динара жолдошу экөө жергиликтүү тургундар мынчалык колдоо көрсөтөт деп ойлобогонун айтат.

“Маселе улут тууралуу болгондуктан алар биздин үй-бүлөнү колдобойт деп ойлогонбуз. Айылдаштарыбыздан мындай колдоону күткөн эмеспиз”, — деди ал.

Болгон окуядан кийин Исаковдор айылдагы үйүн таштап, Прокудсктан ижарага турак-жай алып көчүп кетишкен.

«Мен ал жакта (Светлый) калуудан корктум», — дейт Динара.

5-ноябрдан тартып Исаковдун уулу Прокудскта алгачкы барган мектептен окуй баштаган.

«Ал үйгө абдан жакшы маанайда келди»,- деп сүрөттөдү Динара уулунун мектепке барган алгачкы күнүн.

Айтымында, үй-бүлө Светлый айылына качан кайтып келери азырынча белгисиз.

12-ноябрда “Орус коомчулугу” өзүнүн социалдык түйүндөрдөгү баракчасына Светлыйдагы окуя тууралуу жаңы пост жарыялаган.

Бул жолу алар депутат Шишкина баштаган жергиликтүү тургундардын Исаковдордун үй-бүлөсүн колдоо иретинде тарткан видеосуна нааразы болуп чыккан.

Ал билдирүүдө Шишкинаны атайын аскердик операцияда жүргөн жоокердин үй-бүлөсүнө айылдыктарды каршы тукуруп, баланы өлтүрөм деп коркуткан мигранттын таламын талышты деп айыпташкан.

Алар өзүн “Сидоров, орус армиясынын жоокери” деп тааныштырган, жарадар болгондон кийин реабилитациядан өтүп жаткан кишинин видео кайрылуусун жарыялаган.

Видеодогу киши анын үй-бүлөсүн коргоого алууну, алган жаракаттарынан тынч сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранган.

Орус коомчулугунун бул билдирүүсүн жарыялагандан кийин депутат Шишкина Би-Би-Сиге аны жана анын туугандарын социалдык тармактарда жана телефон аркылуу бейтааныш номурлардан коркутуулар боло баштаганын айткан.

Динарага болсо 9-ноябрда Коченевск прокуратурасынан байланышып, 1-ноябрда күйөөсү экөөнө ошол эле беренелер боюнча кайра кылмыш иши ачылганын жана материалдар азыр облустук прокуратурада экенин маалымдашкан.

Прокуратуранын кызматкеринин жакынкы арада алар суракка чакырыласыңар деген катын аял Би-Би-Сиге билдирген. (VO)

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.